Вступление
Энекебай, о ыйыгым ыйыгым,
Энекебай, о кутманым уюгум.
Алып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.
Сен көз жумсаң унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам көз өткөнчө буркурап.
Апакебай кара чачың куу болоор,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.
Энекебай, билем туям эмгегиң,
Энекебай өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгемин.