Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдо-о-он жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келермин аман болсо да бир көксөө,
Азыр мен жалгыз учка-а-ан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй
Сен эсен кусалыкка сезимимди,
Жаздыгы салкын желден, кабар улай,
Мен жокто сылай жүр де-е-еп саамайынан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдо-о-он жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым