gGuitarama
Ж

Жамгыр (баррэ ЖОК)

Аккорды
Рекламаad-slot:header
Тон
0
Прокрутка
Шрифт
Вид аккордов
[Куплет 1]:
Түрүлүп тээ алыстан калың булут,
Сагынып тоо үстүнөн карайт бизди.
Кыйналып кусалыктан, ооругансып,
Шатырап төгөт жамгыр, буулуккансып.
Нөшөрлөгөн жамгыр жагат мага,
Уктаган сезимимди козгойт кайра.
Сырдашып жамгыр менен тургум келет,
Жөрөктү мыкчып туруп, анан коё берет.
[Припев]:
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр,
Жүрөккө сактабачы кайгы.
Төкчү анда көкүрөктү жеңилдете,
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр.
[Куплет 2]:
Кайрадан үмүт берип адамдарга,
Күчтүүрөөк бутту шилтеп жаңы кадамдарга.
Кайрадан көрөлүчү күндүн нурун,
Коштошуп бир жумага, балким айга.
Нөшөрлөгөн жамгыр жагат мага,
Уктаган сезимимди козгойт кайра.
Сырдашып жамгыр менен тургум келет,
Жөрөктү мыкчып туруп, анан коё берет.
[Припев]:
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр,
Жүрөккө сактабачы кайгы.
Төкчү анда көкүрөктү жеңилдете,
Ыйлачы, ыйлап алчы, жамгыр... (х2)

Видео

Смотреть на YouTube

Видео для этой песни пока не подобрано.